Меню
Эл-Сөздүк

Максаттуу бюджет фондусу

МАКСАТТУУ БЮДЖЕТ ФОНДУСУ – бюджет тутумунун бир бөлүкчөсү, ал бюджетте эл чарбасынын кыйла артыкчылык берилүүчү тармактарын, мамлекеттик программаларды же белгилүү бир аймакты багыттап каржылоо үчүн түзүлөт. М. б. ф. негизинен борбордук деңгээлде түзүлөт. Алардын бюджет сыяктуу эле 1 жыл ичинде иштеп, андан кийин кайрадан түзүлө тургандыгы же өз ишинин токтотулушу М. б. ф-нун өзгөчөлүгү болуп саналат. Түзүү булактары – салыктар, бюджет каражаты, максаттуу мамлекеттик зайымдар, казына векселдери жана башкалар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: